Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.
Манас жана Айтматов академиясына коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Today.kg басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, дайындоо тууралуу жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында Манас жана Айтматов академиясын түзүлө турганын айткан эле. Бул тууралуу жарлыкка Президент кол койгон.
Жарлык “Манас” эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөөнү максат кылат.
Жарлыкта кыргыз тилинин жана “Манас” эпосунун тарыхый жана бүгүнкү ээлеген орду белгиленип, Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларынын дүйнөлүк лидерлерге, мамлекет башчыларына, коомдук ишмерлерге, илим, маданият жана искусство ишмерлерине кайрылуусун эске алып, Улуттук академия түзүлүп жатканы айтылган.