• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

«Тормоз болуп, тоскоолдук жаратууда»: Бекешев укук коргоо органдарын сынга алды

4 Чын куран 201912:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.

ЖКнын жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев укук коргоо органдарын кайрадан сынга алды.

Анын билдирүүсүндө, милиция алардын компетенциясында болбосо дагы экономикалык маселелерге аралашып жатат.

«Ансыз да кичинекей жана алсыз болуп турган экономиканын өнүгүшүнө милиция органдары тормоз болуп, тоскоолдук жаратууда. Алар ишкерликке аралашып, санкциондук эмес текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Аскарбек Шадиев менен байланышта болгон ишкерлердин продукцияларын, банктык эсептерин тоңдуруп коюшту. Алардын бул жакта кандай тиешеси бар, алар мыйзамды бузган жок да?», — деди Дастан Бекешев.

Количество просмотров: 20