• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Торутаев: Кыргызстанга бир айда 2000ге жакын жүк ташуучу унаалар кирет

11 Бирдин айы 202012:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште Кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өтүүдө. Бул жолку отурумга тийиштүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жетекчилери чакырылган. Учурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Анын айтымында, 1 айда чет өлкөдөн Кыргызстанга 2000ге жакын жүк ташуучу унаалар кирет.

«Кыргызстанга бир айдын ичинде 2000 миңге жакын жүк ташуучу унаалар кирет. Ал эми транзиттик унаалардын саны 1200. Транзиттик унаалар «Эркечтам» өткөрмө бекетинен салмакка тартылып өтөт. Бирок алардан эч кандай мамлекетке каражат түшпөйт. Себеби КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда келишим бар»,-деди Торутаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан 700 млн доллар көлөмүндөгү каражатты мыйзамсыз чыгарып кеткен деп айыпталган кытай ишкери Айэркен Саймаити 2019-жылдын 10-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Эксе салсак, депутаттык комиссиянын курамында КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураев, Аалы Карашев, «Республика — Ата Журт» фракциясынан – Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, «Кыргызстан» фракциясынан – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешовдор бар.

Количество просмотров: 39