• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тотонов: Айдоочулардын иш таштоосу элге болгон кыянаттык

3 Кулжа 2021 17:30 Бишкек Govori.TV

Айдоочулардын иш таштоосу элге болгон кыянаттык. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов билдирди.

«Жол кире маселеси комитетте дагы бир нече жолу каралган. Бир чети айдоочулардын коюп жаткан талабын түшүнсө болот, себеби күйүүчү май кымбат болуп жатат. Бүгүнкү күндө бири-бирибизди колдоп, жардам бере турган учур. Кырдаалды билип туруп, эскертүү бербей иш таштагандары туура эмес. Жаңы автобустарды алып келүүгө мэриянын кудурети жетет»,-деди депутат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июнда да Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилер каттамга чыккан жок. Алар 2-июнда иш таштап, жол кире акысын котөрүүнү талап кылууда.

Количество просмотров: 84