Чабал министрликтерди сылап-сыйпап отура бербей, реформаторлорду алып келиш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов билдирди.
Анын айтымында, ишин тарта албай жаткан министрликтерди сылап-сыйпап отура бербей, реформаторлорду алып келиш керек.
«Жаңы келген кадрларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Көпчүлүгү реформа кылуу керек деп айтып жатат. Андыктан келген адамга чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүү абзел. Азыр бизде эң чоң көйгөй чечим кабыл алуу. Тыянак чыгаруу менен керт башыма балээ алып келбейин деген коркунуч турат. Биз жаңы ажо шайладык. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган кадрларды колдошубуз керек»,-деди эл өкүлү.