• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат: Жоголгон Орхон Инандынын пайдасынан башка зыяны жок болчу

3 Кулжа 2021 17:18 Бишкек Govori.TV

Дайынсыз болуп жаткан «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын пайдасынан башка зыяны жок болчу. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандыгын алган адамда коопсуздугумду мамлекет коргойт деген ишеним болушу керек.

«Азыр коомчулукта Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканына байланыштуу көп суроо-талаптар болуп жатат. Биз дагы табылат деген үмүттөбүз. Бирок адамды урдоо кылмыш, тийиштүү жазалар берилиши керек. Депутаттардын 80-90 пайызынын балдары Орхон Инанды негиздеген лицейлерде окуйт. Эки элдин ынтымагын утурлай, Түркиянын билим берүү системасы Кыргызстанда кеңири жайылган. Укук коргоо органдары дагы колдорун чөнтөккө салып отурбаса керек. Ишеним артып туралы»,-деди депутат Тотонов.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды үч күндөн бери табылбай жатат. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген. Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган. Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Учурда издөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 774