• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тотонов: Мариповду Акаевдин убагынан бери иштеп келе жатканын билебиз

1 Бирдин айы 2021 16:50 Бишкек Govori.TV

Премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталып жаткан Улукбек Мариповду Акаевдин убагынан бери иштеп келе жатканын билебиз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов билдирди.

Анын айтымында, эски адаттардан тыш болуп, сунуштарды берүү менен өкмөт башчыга жардам берүү керек.

«Бул жигит өкмөттүк структурада көп жылдан бери иштеп келе жатат. Бизде бир президент кеткенден кийин эле «Бакиевчилер», «Акаевчилер» деген сыяктуу жаман адат бар. Бүгүнкү күндө жаман адаттардан тыш болуп, иштегенге мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Колдон келсе сунуштарды берип, колдоо көрсөтүшүбүз керек»,-деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 798