Дональд Трамп Республикачылардын Милуокиде 18-июлда өткөн улуттук курултайында сөз сүйлөп, республикачылардын атынан президенттикке талапкер болууга макулдугун расмий түрдө билдирди. Бул анын Пенсильваниядагы кол салуудан кийин эл алдына алгачкы жолу чыкканы болду.
Трамптын сөзүндөгү негизги темалар арасында өлкөнүн биримдиги болду. Ал “Мен Американын жарымынын эмес, бүткүл Американын президенти болом” деп, эгер шайланып калса америкалыктарга инфляцияны жеңүүгө, бензиндин арзандашына, салыктардын төмөндөшүнө, мунай өндүрүшүн кескин көбөйтүүгө, өлкөнүн түштүк чек арасындагы дубалдын курулушун аягына чыгарууга убада берди. Ал азыркы президент Жо Байдендин “жашыл экономика” саясатын сындап, анын америкалык автомобиль өндүрүшүн бара-бара электромобилге өткөрүү тууралуу жарлыгын жокко чыгарарын айтты. Ошондой эле америкалыктар кандай машина айдагысы келсе, өз эркине коюу туура болорун белгиледи.
» Эгер мен бийликте болгонумда Орусия менен Украинанын ортосунда азыркыдай коркунучтуу согуш болмок эмес «, — деди.