АКШнын президенти Жо Байден үчүнчү жолу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер билдирди. Оору жеңил өтүп жатканы жана буга чейин Байден бардык зарыл эмдөөлөрдөн өткөнү кабарланды.
81 жаштагы Байден 17-июль күнү Лас-Вегастагы шайлоо алдындагы иш-чарада сөз сүйлөмөк, бирок коронавируска байланыштуу ага катышкан жок.
Жан-Пьердин айтымында, изоляция учурунда президент Делавэр штатындагы үйүндө болуп, «өз милдеттерин аралыктан толук аткарып турат»-деди.