• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Байден президенттик жарыштан чыкты

22 Теке 202411:16 Бишкек Govori.TV

Жо Байден шайлоодон баш тартат деген анилитиктердин пикири туура чыкты. АКШнын президенти Жо Байден күзгү шайлоого катышпай турганын жекшембиде Х социалдык тармагы аркылуу  билдирди. Ошондой эле ал билдирүүдө вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын жана 81 жаштагы Байден бийликтеги үч жарым жылда жасаган иштерине, жетишкендиктерине учкай токтолду.

“Сиздердин президентиңер болуп кызмат кылуу – жашоомдогу эң чоң сыймык болду. Кайра шайланууну көздөгөнүм менен шайлоодон четтеп, мөөнөтүмдүн аягына чейин жалаң президенттик милдеттеримди аткарууга көңүл буруу партиямдын да, өлкөмдүн да кызыкчылыгына төп келет деп ойлойм”, — деп жазды Байден.

Президент кабыл алган чечими тууралуу алдыдагы жумада элге жасай турган кайрылуусунда кененирээк кеп кыларын билдирди.

59 жаштагы Харрис демократтардын талапкери болуп тандалса, өлкө тарыхында президенттик кызмат үчүн ат салышкан алгачкы афроамерикалык аял болуп калмакчы.

Количество просмотров: 90