• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Трамптын соту март айына белгиленди

29 Баш оона 2023 15:18 Бишкек Govori.TV

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн кутумчулукка барган деген айып менен козголгон кылмыш иши сотто 2024-жылы 4-мартта карала баштайт. Бул тууралуу федералдык судья Таня Чуткан билдирди.

Судья мындай чечимин «коомчулуктун бул маселенин тез жана натыйжалуу чечилишине укугу бардыгы» менен түшүндүрдү.

Атайын прокурор Жек Смит АКШнын 45-президентинин сотун 2024-жылдын 2-январында баштоону өтүнгөн. Трамптын адвокаттары 2026-жылдын апрелинде — президенттик шайлоодон 17 ай өткөндөн кийин баштоону талап кылышкан.

Бул Кошмо Штаттарынын 45-президентине карата козголгон төртүнчү кылмыш иши боюнча тагылган айып болуп калган.

Бул кылмыш иши 2021-жылы январда Трамптын аталган штаттын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент мамкатчыдан өз пайдасына «11 780 добуш» таап берүүгө жардамдашууну суранган.

Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Анда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүүгө байланыштуу күнөөлөнгөн.

Количество просмотров: 63