Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV
АКШнын президенти Дональд Трамптын уулу Дональд-кичүү Монголия талааларындагы боз үйдө бир апта жашады. Саякатттагы таасирлерин ал Инстаграмга бөлүштү. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазды.
«Уулум Донни менен Монголияны изилдеп, бир апта боз үйдө жашадым. Жолтандабаста жана ат минип узак жол бастык. Бул жак чынында эле өтө кооз, адамдары ак көңүл. Ошол көргөнүмдөн кийин интернетке кайтып иренжидим», — деп жазды ал.