• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Транспорт министрлиги: “Суукка даярдыгыбыз бар, антсе да, жарандар сак болушу керек!”

24 Үчтүн айы 2018 17:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2018. Govori.TV

Транспорт жана байланыш министрлиги күтүлүп жаткан катуу суука даяр. Бул тууралуу министрликтин алдындагы Жол чарба департаментинин көзөмөлдү камсыздоо жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Акылбек Мусабаев билдирди.

Ал бийик, татаал саналган 25 ашууларда жана көчкү коркунучу бар участоктордо техникалар менен жолчулардын атайын топтору көзөмөлдө турганын айтты. “Сураныч, жарандар ушул суукта алыска сапар алууну убактылуу токтото турууну суранып кетебиз. Жол коопсуздугун сактап, 500 аралыкты сактап, чынжыр, күрөктөрүн ала жүрүүгө да чакырабыз. Эгер жолдо калып калуу коркунучу болсо тезинен ашуулардагы биздин пункуттарга кайрылышы керек”,-дейт ал.

Количество просмотров: 24