• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Транспорт жана унаа жолдор министрлигинин мурунку жетекчиси каза болду

18 Аяк оона 2020 18:53 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана унаа жолдор министрлигинин мурунку жетекчиси Эркинбек Курманбаев 81 жаш курагында көз жумду.

Эркинбек Курманбаев 1940-жылы 11-январда Кыргыз ССРинин Москва районундагы Фрунзе атындагы колхоздо жөнөкөй үй-бүлөдө туулган.

Окууну аяктагандан кийин, Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетине тапшырган. Андан соң Фрунзедеги политехникалык институтка өтүп, «Автомобиль транспорту» адистигине ээ болгон.

Эркинбек Курманбаев эмгек жолун 1963-жылы Фрунзе шаарындагы №1 жүк ташуучу автобазада баштаган. Алгач ал – мастер, андан кийин улук мастер болуп иштеген, 1964-жылы ушул эле автобазанын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

1965-жылдын ноябрь айынан баштап Эркинбек Курманбаев №6 автобазанын башкы инженери, 1970-жылдын июнь айынан тарта Фрунзе шаарындагы №1 таксомотор базасынын башчысы болгон.

1969-1971-жылдары Фрунзе шаардык эл депутаттар кеңешинин депутаты болуп шайланган.

1976-жылдын август айынан тарта – Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин Иш башкармалыгынын өнөр жай жана байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ал эми 1978-жылы ноябрда Кыргыз ССРинин транспорт жана унаа жолдор министринин орун басары болуп дайындалган. 1991-жылы 23-ноябрда Эркинбек Курманбаев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана унаа жолдор министри болуп бекитилген. Бул кызматта ал 1993-жылга чейин иштеп, автомобиль транспорту жана шоссе жолдорунун ички тутумун өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.

Көп жылдар бою туулуп-өскөн жеринин жыргалчылыгы үчүн жан аябастан эмгектенген Эркинбек Курманбаев 1970-жылы «Күжүрмөн эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы, 1976-жылы – «Ардак белгиси» ордени, 1996-жылы – «Манас-1000» мааракелик медалы менен сыйланган. Мындан тышкары, 2000-жылы ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген транспорт кызматкери» сыйлыгы ыйгарылган.

Маркумдун туугандарынын жана жакындарынын орду толгус оор жоготуусунун аза кайгысын теӊ бөлүшөбүз. Эркинбек Курманбаевдин жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.

К.А.Боронов, А.Б.Баатырбеков, Э.Ш.Асрандиев, А.К.Мадумаров, Т.А.Темиралиев, Ж.С.Бейшенов, А.Ш.Осмоналиев, Г.К.Абдралиева, К.А.Орозалиев, С.А.Аблесов, Ж.С.Алымкулов, Г.Н.Хорд, К.К.Карачалов.

Количество просмотров: 69