Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиев алган турган пара тууралуу комментарий берип жатып,төмөнкүлөргө токтолду.
“Учурда ал кармалды, эми иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын алкагында кимдердин жана канчалык күнөөсү бар экени тастыкталат”,-дейт министр Калилов.
Эске салсак, 5-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин Азимкан Жусубалиев аттуу орун басары 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.
Кошумчалай кетсек, чет элдик компанияга тендерди алыпберүү үчүн 520 миң АКШ долларын ала турган болгон. Анын 120 миңин буга чейинбир туугандарынын ортомчулугунда компаниянын өкүлдөрүнөн алган. Калган сумманы алдыдагы апталарда алмак.