10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары жана Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору 8-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болот. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Министрдин орун басары Жеңишбек Ногойбаев менен аталган агенттиктин директору Анарбек Бекмуратов 7-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.
«Ж.Ногойбаев акчаны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишти токтотуу үчүн бергени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.