Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун шаардык транспортко бааны көтөрүү ниети жок. Тарифтер азыркы бойдон калаарын мэриянын Аппарат бөлүмүнүн жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
“Анын айтымында жакынарада электрондук билет киргизүү пландары иштелип жатат. Шаардык кеңеш колдоп бергенден кийин, электрондук билет турмуштун талабы. Ошондо да тарифтер өзгөрбөйт. Бирок шаар казнасына төлөмдөр көбөйөт. Биз жаңы технология менен коррупциялык элементтерди жок кылабыз. Баары ачык, айкын болот”,-дейт Түлөбаев.