Бишкектин административдик соту иш боюнча чечим чыкканга чейин троллейбустун байланыш тармагын жана тартуучу көмөкчордондорду демонтаждоону токтотуу чечимин чыгарды.
Сот доогердин өтүнүчүн канааттандырып, ошондой эле тармактарды жана көмөкчордондорду демонтаждоону токтотуу чечимин чыгарды.
Кошумчалай кетсек, бир күн мурун шаардык кеңеш соттук отурумдардан суралган протоколдорду жана башка документтерди сотко бербегендиктен, сот шаардык кеңешке 7 миң сом айып салган.
Кийинки соттук отурум 11-декабрда саат 9:00дө Административдик сотто болот. #БишкекСмог демилгеси жана троллейбустарды сактоо тобу бардык шаар тургундарын процесске чакырат.
Эске сала кетсек, буга чейин муниципалитет 100 троллейбусту Ошко өткөрүп берүүнү сунуштап, Бишкекте байланыш түйүнү демонтаждала баштаган, бул айрым жарандардын тынчсыздануусун жараткан. 29-августтагы сессияда БШКнын депутаттары жабдууларды өткөрүп берүүнү жактырышкан. Бишкектин тургундары троллейбустарды өткөрүү боюнча шаардык кеңештин чечимине каршы доо арыз менен кайрылышкан.