Бишкекте ЦУМда кичинекей кыздын башы эскалатор менен дубалдын ортосуна кептелип калган. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу жазган.
» ЦУМда эскалатор менен дубалдын ортосуна кичинекей кыздын башы кептелип калган. Ал ага тескерисинче чыгып алгандыкан, кайра түшкөнгө жетишпей калган. Жанымдагы аял экөөбүздүн кызды алып чыкканга күчүбүз жетпей койду. Дагы жакшы бир киши келип жетишип калды, чыгарганга. Аябай коркуп кеттим», — деп жазган колдонуучу.
Анын маалыматына ылайык, окуя 3-октябрда саат 16лар чамасында болгон.