Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясы кыргызстандыктар үчүн 42 миң батир курат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын биринчи объектилери эксплуатацияга берилет.
«Курулуп жаткан үйлөрдө баалар эки түргө бөлүнөт: үлүшчүлөр үчүн бир чарчы метрдин баасы 1,4 миң долларды, кезекте тургандар үчүн 700 долларды түзөт. Курулуп жаткан үйлөрдө батирлердин 30 пайызы үлүшчүлөргө өтөт. 38 миң кыргызстандык турак-жай алуу үчүн өз кезегин күтүп жатат»,-деди Каныбек Туманбаев.