Бишкек.25.07.2019.Govori.TV.
Тунистин президенти Аль-Бажи Каид ас-Себси 93 жашында каза болду. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, президент бүгүн 25-июль күнү Тунистеги аскердик ооруканасында каза болгон. Ал акыркы убактарда ден-соолугуна байланыштуу байма-бай ооруканага жатып турган.
Кошумчалай кетсек, Каид Себси президенттик кызматты 2014-жылдан бери аркалап келген.