Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.
Жарандык активист Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Турдукулов өзүнүн фейсбук баракчасына жайгаштырды.
«Сегизбаев 2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган «Белизгейт» чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек.
Абдил Сегизбаев өзү «Белизден атайын документтер келди» деп айтып келген. Бирок бул туура эмес, жалган болуп чыкты. Ошондуктан УКМКнын мурдагы төрагасынын аракеттерине укуктук баа берилиши керек эсептейм», — деп жазган Турдукулов.
Жарандык активист бул боюнча кайрылууну Башкы прокуратурага тапшырганын жана кандай мыйзамдык аракеттер көрүлөрүн күтөрүн кошумчалады.
Эске салсак, 2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан жана анда саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.
Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.