• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Турдукулов: Парламенттен оппозиция чыкпайт, чыныгы оппозиция форумда чыгып жатат

17 Жалган куран 2019 14:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.03.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 17-мартта СДПК тарабынан уюштурулган Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Анда активист Адил Турдукулов сөз сүйлөп «парламенттен оппозиция чыкпайт, чыныгы оппозиция форумда чыгып жатат»,-деген оюн айтты.

» Биз Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен экономикасынын өсүү темпи боюнча эң артта калдык. Азыр өз көлөкөсүнөн корккон, үстүнөн тапшырманы гана күтүп турган чабал өкмөттүн ишинин жыйынтыгы. Алсыз өкмөттү күчтүү кылып, аны көзөмөлдөп турган — парламент болушу керек эле. Чыныгы оппозиция бул жерде эмес, Жогорку Кеңеште болуш керек, тилекке каршы ал жерде өз капчыгын толтурууну гана көздөгөн, өз бизнесин калкалап иштейин деген депутаттар басымдуу. Ошондуктан парламенттен оппозиция чыкпайт, чыныгы оппозиция форумда чыгып жатат.

2002-жылы Азимбек Бекназаровду сот Ак-Үйдун тапшырмасы менен кандай адилетсиз камаса, азыр да сот ошондой адилетсиз бойдон. Жергиликтүү бийлик да алсыз абалда. 2002-жылы КТРК Аксы окуясын кантип бурмалап чагылдырса, бүгүн да ошондой ишмердүулүгүн улантып келе жатат. Аксы окуясынын жана 2 революциянын максаттары аягына чейин жете элек. Атамбаевдин эң башкы жетишкендиктеринин бири — бийлигин мыйзам чегинде өткөрүп бергени, биз Жээнбековдон да муну талап кылабыз»,-деди Турдукулов.


Количество просмотров: 22