Бишкек. 29.07.2019. Govori.TV
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында жайгашкан «Керемет Суу» эс алуу жайы учурда дарылык касиети бар жылуу суу чыккан жер көмүлүп тегизделип жатат. Көлдүн сезону болуп, туристтер тартылып жатканда кезде иштин башталганды социалдык түйүндө талкууну жаратты.
Белгилүү болгондой бул жайга ички жана тыштан келген эс алуучулар сууга түшүп ден-соолугун чыңдап кетчү экен. Эми болсо бардык суу топтоочу бассейиндер кум менен толтурулуп, жылуу сууга келгендер атайын суу түтүгү аркылуу арыкка чогултуп түшүүгө аргасыз болуп жатышат.
Мындан сырткары, эс алуучу жай ишин токтотуп, канчалаган жумуш орундары жабылганын видеону тартып социалдык түйүнгө салган интернет колдонуучу белгилейт.
Жылуу суу куюлган бассейнге түшүү ар бир адамга 200 сомдон эсептелчү. Бул эс алуу жайына күнүнө 100дөн ашык адам келери буга чейинки маалыматтарда айтылган.