Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.
Быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезон расмий түрдө 19-майда ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин департаментинин директорунун орун басары Максат Дамир уулу бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
Жайкы сезонго карата туристтерге ыңгайлуу деп табылган: “Туристтик паспорт”, “Региондук маршрут”, “Тез татым” сыяктуу бир катар долбоорлор ишке киргизилет.
Туризм өлкө экономикасы үчүн өтөмаанилүү болгондуктан, бул багытта аткарыла турган иштерди Кыргыз туризмдин башкы директору Данияр Казаков кошумчалады.
Белгилей кетсек, туристтик сезондун ачылышы Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага чет элдик инвесторлор, ата-мекендик өндүрүүчүлөр жана жеке ишкерлер чакырылат.