• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Туризм бизнеси салык жүгүн азайтат

23 Кулжа 2022 11:59 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө “туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКнын түзүлгөнүнө 100 күн болду. Ал туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында уюштурулган.
Фонд туристтердин Кыргызстанды кыдыруусу ыңгайлуу жана позитивдүү таасирлерге бай болушу үчүн иштейт.


Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду RestPoint – эс алуу пункттарын эң көп туристтик каттамдарда жана шаарлар аралык каттамдарда уюштурат. 2023-жылдын сезонунун башталышында алардын саны 68ге жеткирүү максаты коюлган, быйыл анын 21и ачылат. RestPoint кура турган подрядчылар ишке киришүүдө.


RestPoint — бул саякатчылар жана туристтер токтоочу, эс алуучу жер, маалымат алуу, гаджеттерди заряддоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерде террасадан кофе ичүү, же душка түшүү шарты каралат. Ажаткана, чакан дүкөн жана кофе дүкөнү, смартфон жана электромобилди кубаттоочу пункттар болот.


Ушул айдын аягына чейин “Манас” аэропортунан Бишкекке жана кайра артка экспресс каттамдар каттай баштайт. Ыңгайлуу транспорт күнү-түнү жарым сааттык интервал менен жүрөт. Сиз аларды «Go bus» деген жазуу аркылуу тааный аласыз жана келечекте сиз тиркеме аркылуу орун ээлей аласыз.


Ошондой эле бул бренд менен Бишкектен Караколго чоң автобустарды чыгаруу пландалууда. Алар күн сайын бир нече каттамдарды аткарышат.


Өлкөдө ар кандай узундуктагы жана татаалдыктагы көптөгөн популярдуу туристтик маршруттар бар, алар туристтер үчүн иштелип чыккан. Турситтер алдыда эмне чыгаарын дайыма элестете беришпейт. Эми маршруттук каттамдарга маалымат стенддерин, белгилерди орнотуу, эс алып, көрүнүштөн ырахат ала турган көрүү аянтчаларын уюштуруу пландалууда. Маршруттун башталышына урналар коюлуп, шарт түзүлүп, коопсуздукка көңүл бурулат.
Пилоттук долбоор үчүн буга чейин өлкөнүн ар бир регионунда бирден жети экожол тандалып алынган. Келечекте жолдорду жакшыртуу Кыргызстандын бардык туристтик маршруттарына таасирин тийгизет.


Башка долбоорлор да ишке ашырылууда. Ысык-Көлдүн Тамга айылына жакын жерде эл аралык деңгээлдеги спорттук базаны куруу иштери башталды. Ал олимпиадалык спортчуларды даярдоо үчүн бардык талаптарга жооп берет. Бул санаторий-курорттук тармакты калыбына келтирүү боюнча долбоор. Өлкөнүн курорттору жарым-жартылай калыбына келтирилет, жарым-жартылай кайра курулат. “Оручай” эс алуу аймагынын курулушу жүрүп жатат. Анда пайдалуу глампингдер — жаңы муундун кемпингдери, люкс классынын ачык абада эс алуу жайлары болот. Ушул дем алыш күндөрү Нарын шаарында ушундай заманбап боз үй шаарчасы ачылат.


Кийинки милдет — чет элдик жарандарды каттоону жөнөкөйлөтүү. Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте онлайн режиминде ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле чек ара зонасына өтүүнү жөнөкөйлөштүрүү (жакында Кыргызстандын каалаган калкты тейлөө борборунан бир күндө алууга болот) жана келе турган туристтик топтор үчүн жашыл коридор түзүү пландалууда.


Туризм бизнеси салык жүгүн азайтат. Эми бирдиктүү салыктын ставкасы 30 миллион сомго чейинки киреше менен кирешенин 6 пайызын түзөт. Биз анын 2% га кыскарышын күтөбүз, ал эми кирешенин чектөөлөрү алынып салынат. Салык кодексине өзгөртүү киргизүү буга чейин башталган.
Кыргызстандын атынан чет өлкөлөрдө көп иштер жасалып жатат. Анын аркасында быйыл алыскы чет өлкөлөрдөн туристтердин агымы көбөйөт деп күтүп жатабыз. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууда. Кыргыз Республикасы менен БАЭ жана Индия өлкөлөрүнүн туристтик агенттиктери менен келишимдер түзүлгөн. Ушундай эле иштер Корея Республикасында жана Россия Федерациясында да пландалууда.

Количество просмотров: 69