• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чуу жараткан көргөзмө. Музейдин директору кызматтан кетти

2 Бештин айы 2019 15:28 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмө өтүп, ал жерге ич кийимдердин илингени, жылаңач айымдарды көрсөтүлгөнү кызуу талкууга алынууда.
Мындан улам коомдук активисттер топтолуп бүгүн, 2-декабрда нааразычылык акциясына чыгышты. Алар бул көрүнүштү Европа маданиятын колдоо катары сыпатташууда. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул боюнча министрликтин позициясын билдирип, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө комментарий берди. Айтымында министрлик аталган иш-чараны колдобойт.
Мындан сырткары, министр Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин жетекчиси Мира Жангарачева бүгүн, 2-декабрда жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын жана ага Жаманкулов кол койгонун билдирди.

Количество просмотров: 376