• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Туу менен гербди ич кийим, байпакка түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды

29 Бештин айы 202312:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мамлекеттик туусун жана гербин кийим-кечелерге, анын ичинде ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев жазып, 28-декабрда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Документтин маалымкат-негиздемесинде кийим-кечелерге мамлекеттик символдордун сүрөттөрүн коюу алардын баркын түшүрөрү, ушундан улам Министрлер кабинети мамлекеттик символдордун сүрөтүн түшүрүүгө болбой турган нерселердин тизмесин түзүү керектиги жазылган.

Количество просмотров: 162