• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тууганынын кармалышы, Кутманованын иши. Жапаровдун жаңы маеги

24 Теке 2023 11:16 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, коомдо талкууланып жаткан актуалдуу маселелерге жооп берген.

— Быйыл Кыргызстанда суу тартыштыгы катуу сезилип жатат. Бул көрүнүш дээрлик өлкөнүн бардык аймактарында бар. Бишкекте да, Чүйдүн ар кыл райондорунда да суу тартыш болду. Бул эмнеден улам, кандайдыр бир жалпы себеби барбы?

 Биринчиден албетте жалпы дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү менен, жылдар өткөн сайын суунун азайып бараткандыгы.

Экинчиден бизде, суунун башында турган Кыргызстанда суунун тартыштыгы болуп жаткандыгынын эң негизги себеби — эгемендик алгандан бери Кыргызстанда, айрыкча Чүй өрөөнүндө бир дагы БСРдин курулбагандыгы (БСР – бассейны суточного регулирования. Ред*). Илгерки союз мезгилинде курулган БСРлер гана иштеп турат. Эмдиги жылдан баштап БСРлерди курууга бардык күчтөрдү жумшайбыз. Акчалардын баарын ушул тармакка бөлөбүз. БСРлерди курабыз. БСРлер курулгандан кийин суу көйгөйү чечилет.

БСРлер жетишпесе Чүй өрөөнүн, Бишкек шаарды суу менен кантип толук камсыз кылмак элек? Мен “жардын кырына келген” Кыргызстанды колума алгам. Четинен баардык проблеманы командабыз менен биргеликте чечип келе жатабыз. Кудай буюрса алдыда келе жаткан жылдарда бардык проблемаларды, анын ичинде суу маселесин да чечебиз. Эгемендүүлүк алган 33 жылдын ар бир жылы бирден БСР, бирден эле ГЭС куруп турушканда азыр 33 ГЭС, 33 БСР иштеп турмак. 33 ГЭС бери дегенде 300 мегаватт электроэнергия берип турмак. Мен бир эле тармак боюнча мисал келтирдим. Айта берсем маселе көп. Чыдаш керек. Чечебиз баарын. Убакыт керек.

 Туристтик сезондун башталышы менен жол кырсыктарынын саны көбөйүүдө. Ушул багытта алдын алуу иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди беле?

Албетте тапшырмалар берилген. МАИлер иштеп жатышат. Түшүндүрүү иштери да жүрүп жатат. Бирок көп авария катталып жаткандыктын биринчи себеби айдоочуларда. Акыркы 20-30 жылда көпчүлүгү окубай туруп эле айдоочулук күбөлүк сатып алгандар. Эрежени сакташпайт. Жол белгилерин билишпейт. Азыр рейд өткөрүп четинен сурап көрсөк дээрлик 90 пайыз айдоочулар жооп бере алышпайт. Бул проблеманы чечиш үчүн эки жылдан бери катуу иш жүрүп жатат. Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала алышпайт. Окуп, жол эрежесине байланыштуу толук жооп бергенден кийин гана айдоочулук күбөлүк берилет. Жооп бере албаса экзмен тапшырып жүрө беришет.

— Иниңиз Улан Жапаров коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелип кармалды. Жакында эле баш коргоо чарасы каралып, камакта калтырылды. Ушул боюнча кандай комментарий бере аласыз?

Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң.

“Менин иним эле” деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: «Бирге жаза, миңге сабак»,- деген. Мына менин комментарийим.

— Быйыл бир катар ички жолдор оңдолуп, жаңыланып жатат. Болуп көрбөгөндөй көп сандаган техникалар сатылып алынды. Жетишип атабы? Мамлекет жолдорду өзү салабы?

Мындан ары жолдорду мамлекет өзүбүз курабыз. Буга чейин ар кандай шылтоолорду айтып, техникабыз жок же адистерибиз жетишпейт деген шылтоо менен чет өлкөлүк компанияларга же жеке жактарга үч-төрт эсе кымбат баага берип келишкен. Себеби алар менен бөлүшүп жегенге ылайыктуу болгон. «Сага тендерден утуп берем. Мага баланча процентин бересиң»‘- деп ачык эле соодалашып, жеп келишкен. Бул эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан транспорт министрлигине техникаларды алып берип, жолдорду өзүбүз сала баштадык. Үч-төрт эсе арзан. Азыр дагы толук техникаларыбыз келе элек. 700гө жакын техника келет. Кудай буюрса келечекте ар бир айылга чейин асфальт басабыз. Күчүбүз да, бюджетибиз да жетет.

— Мурдагы министр Динара Кутманова тушунда кызматта тургандардын бир катарына, анын жакындарына кылмыш иши козголду, кармалды. Динара Кутманова убагында сизди «Кумтөр» маселесинде катуу колдоп, кийин сиз бийликке келгенде жалгыз айым министр болуп иштеп, ишмердүүлүгүнө карата ар кандай пикирлер айтылып келди. Ага кылмыш иши козголду. «Баламды бандиттер уурдап кетишти, акча талап кылып атышат»деп да чыкты. Ушул боюнча сиздин пикир кандай?

— Баласын эч кандай эч ким уурдап кетпептир. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам «спектакль уюштуруп атышыптыр» дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. «Кумтөр» маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча «Кумтөрдөн» жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур»,- деп атышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каяка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот.

— Жакында эле Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бизде мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынышына карата пикирин билдирди. Анда ал бардык мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү кылуу демократиялуу эмес экенин, мамлекеттик кызматкерлерден тышкары буга мугалимдер, дарыгерлер кошулганын айткан. Чын эле эми бул мыйзамдын иштөөсү менен расмий тил — орус тили дискриминация болобу?

Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдер менен врачтарга тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып атабыз дейли. Анан аны “сен кыргызча билбейт экенсиң” деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз.

Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсен ошончолук өзүңө жакшы эмеспи.

Количество просмотров: 210