Депутат Тынчтыкбек Шайназаров эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкерди иш сапарларга барбоого чакырды. Мындай пикирин ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.
“Мен өткөндө депутаттардын арасынан да кызматтарга коюп иштетсе жакшы болмок деп айттым эле. Бүгүн Улукбек Кочкоров жана депутат Акылбек Жамангулов чоң кызматтарга бара жатышат. Улукбек Тойчубаевич, сиз жоопкерчиликтүү, сооптуу кызматка бара жатасыз. Канчалаган кыйналган элге жардам көрсөтөсүз. Анан сиз иш сапарларга барбай эле койсоңуздар, эмне болуп жатканын өзүңүз көрүп жатасыз да”, — деди эл өкүлү.