«Манас» эл аралык аба майданында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасын тосуп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, дүйнө кубогунун жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, КРнын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты. Ошондой эле аэропортто жүздөгөн спорт күйөрмандары чогулушту.
Канатбек Арпачиев салт боюнча Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабековго калпак менен чепкен кийгизип, команданы, машыктыруучуну куттуктап, келечекте дагы ийгиликтер болуусун каалады.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 2 алтын жана 1 коло медалга ээ болушту.
Алар: