Айсулуу Тыныбекова Варшавадагы “Poland Open” мелдешиндеги биринчи кармашында жеңишке жетти.
Ал россиялык балбан кыз Ульяна Тукуренова менен күрөшүп, аны 12:3 эсебинде жеңип алды.
Эскерте кетсек аталган мелдеш Польшанын Варшава шаарында 4-ноябрь күнү башталган. Ал 8-ноябрь күнү жыйынтыкталат. Кыз-келиндер арасындагы кармаштар 6-7-ноябрь күндөрү болуп өтөт.
Аталган мелдешке Айсулуу Тыныбековадан тышкары Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), Нураида Анаркулова (57 кг)Назира Марсбек кызы (59 кг) катышууда.
Булак: Кабар.