Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан эл аралык турнирди жеңип алды.
Ал кечээ, 6-ноябрда 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан.
Тыныбекова алгач россиялык Ульяна Тукуренованы 12:3 эсебинде жеңип алган.
Андан кийин Африканын учурдагы чемпиону тунистик Марва Амри менен күрөшүп, анын үстүнөн да жеңишке жетишкен.
Алтын медаль үчүн беттеште Тыныбекова россиялык спортчу менен күрөшүп, аны 9:0 эсебинде утуп, мелдештин жеңүүчүсү аталды