• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тышкы иштер министри Германиядагы мекендештер менен жолукту

31 Үчтүн айы 2020 9:39 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Берлин шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министр Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгы жана анын келечектери жөнүндө өз ою менен бөлүшкөн. Маектин жүрүшүндө мекендештер министрге өздөрүн кызыктырган суроолорду беришкен.

Ошондой эле Айдарбеков КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо министрликтин алдыңкы орунда турган милдети экенин билдирип, консулдук-укуктук чөйрөдө маселелер жаралган учурда керектүү консультацияларды алуу үчүн жарандар КРнын чет өлкөдөгү мекемелерине дайыма кайрыла аларын белгилеген.

Количество просмотров: 32