• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тыюу салынган буюмдарды өрттөгөн жаранга айып салынды

7 Жалган куран 2024 15:35 Бишкек Govori.TV

Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөгөн жаранга айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, муниципалдык инспекция Арча-Бешик жаңы конушунун жашоочусунун үстүнөн арызданган Facebook социалдык тармагынын колдонуучусунун кайрылуусу менен жеринде көчмө жыйын өткөрдү.

Анда Н.А. аттуу жаран тыюу салынган заттарды, туш кагаздарын, жана башка курулуш материалдарынын калдыктарын өрттөгөнү аныкталды. Ага карата КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 7500 сом айыппул салынды.

Белгилей кетсек, тыюу салынган таштандыларды күйгүзгөндөн чыккан кара түтүн адамдын ден соолугуна зыян келтирип, экологияга терс таасирин тийгизип, Бишкек шаарыбыздын биологиялык ар түрдүүлүгүн жок кылууда.

Количество просмотров: 219