Сокулукта убактылуу кармоочу жайда отурган шектүү асынып алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-апрелде Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы У.Б. асынып алды.
«Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттери баа берилип, чаралар көрүлөт. Процессулдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт»,-деп жазылат маалыматта.
Бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.