• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жаңы паркка Атамбаев үчүн дагы бак отургузушту

14 Аяк оона 2019 18:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-сентябрда Түштүк магистралда жайгашкан жаңы ачылган «Ынтымак» эс алуу паркына Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бак отургузушту.

Аталган саамалыкка Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Эмилбек Каптагаев, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаровдор катышты. 2010-жылы өлкөнүн тагдырын өз моюнубузга алганбыз деген Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаев менен Топчубек Тургуналиев үчүн дагы бак отургузушканын айтты.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү он төрт. 2010-жылдын 8-апрелинен 21-декабрга чейин иш алып барганбыз. Бүгүн ошолор келип, жаңы ачылган паркка көчөт отургузалы деп сүйлөшкөнбүз. Ар бирин 9100 сомдон алдык. Бирок, баары катыша алган жок. Алардын ичинен Топчубек Тургуналиев, Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаевдер түшүнүктүү себептер менен келе алган жок. Алар үчүн дагы көчөт отургузуп койдук –деди Бекназаров.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=489646878552924&id=2459005917658308
Количество просмотров: 1149