• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Учакта чарчап калган наристени ата-энеси дарыгерлерге көрсөтүүгө алып баратканбы?

3 Баш оона 201918:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.08.2019.Govori.TV.

«Манас» аэропортунан Pegasus компаниясынын Бишкек-Стамбул багыты боюнча сапарга чыккан учакта чарчап калган ымыркай бир жарым айлык экен.

Бул маалыматты «Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы ырастады.

Буга чейин Govori.TV нын ыкчам берилген маалыматында “Манас” аба майданынан көтөрүлгөн Pegasus учагында 1жаштагы бала чарчап калган деп айтылган. Такталган маалыматка ылайык чарчап калган наристе буга чейин жүрөк оорусу менен жабыркап келген. Учак абага көтөрүлгөндө наристенин абалы начарлап, натыйжада учактан жан берген.

Айрым маалыматтар боюнча баланы ата-энеси чет өлкөдөгү дарыгерлерге көрсөтүүгө алып бараткан.

«Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 3-августта Стамбулга жөнөгөн учак таңкы саат 8:50 учуп, бир нече убакыттан кийин капитан «Манас» аэропортуна кайра конууга уруксат сураган. Ал жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип жатканын маалымдаган. Учак кайрадан Бишкекке саат 10дон өткөндө конгон.

«Тез жардам» медицина борборунун кызматкерлери жана аэропорттун дарыгерлери наристени текшерип, анын чарчап калганын аныкташкан.

Количество просмотров: 140