• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

UFC мушкери Джастин Гейджи кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

29 Жалган куран 202312:43 Бишкек Govori.TV

Америкалык UFC мушкери Джастин Гейджи өзүнүн Instagram баракчасында Рафаэль Физиев менен беттешке чейин колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Ал өзүнүн билдирүүсүнө комментарийге: “Колдооңуз үчүн рахмат” деп жазып, Кыргызстандын желегин койгон.

Эске салсак, UFC 286 турниринин алкагындагы беттеш 19-мартка караган түнү Лондондо өткөн.

Кыргызстандыктар Гейджини мушташ башталар алдында Instagram баракчасына комментарийлери менен колдоп, мушташ аяктагандан кийин куттукташкан.

Количество просмотров: 834