• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: 20 миллион долларды түзгөн 440 кг ашык героин баңги заты кармалды

18 Бугу 2021 17:13 Бишкек Govori.TV

20 миллион долларды түзгөн 440 кг ашык героин баңги заты кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымтака ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан узак жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө, Борбордук Азия аймактары аркылуу Жакынкы Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдөгү героин – баңгизаттарды ташып алып өтүп жүргөн ири көлөмдөгү эл аралык баңги каналы аныкталып жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

«2021-жылдын 13-майында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүү учурунда, Ош областынан атайын жашыруун жерге бекитилген жери аныкталган оор жүк ташуучу унаа кармалып, анын ичинен жалпы салмагы 440 кг ашык болгон баңгизат (героин) табылып алынды. Кармалган героиндин учурдагы базардагы баасы 20 миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген КР эки жараны кармалып КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат малыматта.

Учурда аталган баңги каналга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында, укук коргоо органдарынын практикасында биринчи жолу ушундай ири масштабдагы баңги каналынын ишине бөгөт коюлуп, рекорддук көлөмдөгү героин түрүндөгү баңги затынын колго түшүрүүгө мүмкүнчүлүгү болду.

Маалымат катары: 2020-жылдагы БУУнун Дүйнөлүк отчетуна ылайык, дүйнө жүзүндө 35 миллион адам баңги затын колдонуудан жабыр тартышууда. Ошол эле учурда, баңгизатты колдонуудан улам болжол менен 200 миңден ашык адам көз жумууда.

Количество просмотров: 437