• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК 200 миң долларды алган кызматкерди иштен алып гана тим болгон

19 Жетинин айы 2019 11:10 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Уланбек Чалбаевди былтыр пара алууга шектүү катары кармаганда далил зат катары алынган 200 миң доллар тергөө маалында жоголгону тууралуу маалымат ЖМКларда тараган.

Жагдайга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы андай маалымат жок экенин билдирип, комментарий берүүдөн баш тартышкан эле.

Бул туурасында Govori. TVга өздүк булактар маалымат берип, УКМК жоголгон 200 миң тууралуу бир ай мурун эле билишкен.

«200 миңди уурдаган адам да бети ачыкталып, аны жазага тартып, ишти иликтөөнүн ордуна кызматкерди жумуштан гана алып тим болушкан», — деди ал.

Эске салсак, былтыр 2018-жылы 16-апрелде Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын башчысы Уланбек Чалбаевдин иш бөлмөсүндө ыкчам тинтүү иштери жүрүп, анда табылган баштыктан 200 миң АКШ доллары чыкканы жарыяланган.

УКМК ошол кезде акчаны Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан, парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун кылмыш ишин анын пайдасына чечип берүү максатында берилген пара катары сыпаттаган.

Уланбек Чалбаевдин кылмыш иши 2018-жылдын 10-октябрында тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Бирок андан бери Бишкектин Биринчи май райондук соту бул ишти карап чыгып, тиешелүү чечим чыгара элек.

Количество просмотров: 1873