• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

УКМК: «Ак-Тилек» базары мамлекеттин балансына өттү

27 Бугу 202414:35 Бишкек Govori.TV

«Ак-Тилек» кооперативинин каржылык-экономикалык ишмердигинде өзгөчө ири өлчөмдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги тарабынан финансылык-экономикалык ишмердүүлүктө бир топ мыйзам бузуулар жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык аракеттери аныкталды.

«Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында УКМК тарабынан «Ак-Тилек» соода-базар комплексинин жетекчилигинин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар табылды. Жыйынтыгында, «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги өз ыктыяры менен аянты 29 119,6 м2, баасы 700 млн сомдон ашкан «Ак-Тилек» базарын КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 120