• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК: Баткен облусунда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желеги окуучуларда табылды

3 Кулжа 2023 10:25 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 25-майында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектептин аянтынан бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактанын жанынан тыюу салынган “ИМ” ЭТУнун желеги табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору маалымдайт.

Маалыматка караганда, УКМК менен Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү А.М.У., И.З.З. жана М.М.Г. аныкталган.


2023-жылдын 2-июнунда соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жерлеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана “ИМ” ЭТУга тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылып экспертизага жиберилди.

«Ошондой эле тосмонун дубалдарына: “Сени кыйратканды жок кыл”, “Сенин камераң сага жардам бербейт”, “Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо” деген жазуулар калтырылган», — деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 2023-жылдын 25-майында орто мектептин аймагына илинген “ИМ” ЭТУнун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 111