• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

УКМК: Баткенде жеке менчикке чыгарылган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

10 Кулжа 2024 15:24 Бишкек Govori.TV

Баткен шаарында мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Баткен шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан КР мыйзамдарын бузуу менен, трансформациялоонун тиешелүү жол-жоболорун жүргүзбөстөн, жалпы аянты 1,44 га жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды.

«Көрсөтүлгөн тартип бузууларга карабастан, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын жооптуу адамдары тарабынан белгиленген жер участокторуна каттоо жүргүзүлүп, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген. Мындан улам, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жер тилкелеринин ээлери жалпы сметалык баасы 20 млн 160 миң сомдук 24 жер тилкесин өз ыктыяры менен Баткен шаардык мэриясынын балансына кайтарып берди2,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 136