• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: Белизден Кыргызстанга эч кандай документтер келген эмес

14 Аяк оона 2018 16:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек 15.09.2018. Govori.TV
 Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын бүгүн, 14-сентябрдагы жыйынында «Белизгейт» жаңжалы тууралуу укук коргоо органдары маалымат берип жатат.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн кандайдыр бир документтер келгени аныкталган жок деп билдирди:
Бул туурасында «Азаттык» жазып чыкты.
— 2018-жылдын 16-майында Башкы прокуратура жиберген каттын негизинде УКМК «Мегаком» компаниясына тиешелүү акциялар боюнча Белиз мамлекетинен алынган трасттык документтердин мыйзамдуулугун аныктоо багытында кызматтык иликтөө жүргүздү. Аны калыс жана толук жүргүзүү үчүн 4-июнда УКМК төрагасынын буйругу менен комиссия түзүлүп, ишти компетенттүү кызматкерлер териштирди. Комиссиянын алдына Белизден расмий түрдө УКМКнын дарегине парламенттин айрым депутаттарынын «Мегакомдун» акцияларын «Southfield Management Inc»​ компаниясы аркылуу сатуу жөнүндө түзүлгөн трасстык декларацияга тиешеси бар деген документтер келип түшкөнбү, эгер келсе качан жана кандай номур менен катталган, ал документтер азыр кайда деген суроо коюлган. Комиссия кызматтык иликтөө учурунда УКМКга тиешелүү бардык ыкчам башкармалыктар жана катчылык аркылуу маалымат алганда, 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө «Мегакомго» таандык акциялар боюнча трасстык документтер Белизден УКМКга келип түшпөгөнү жана ал мекемеде расмий катталбаганы аныкталды. Иликтөөнүн материалдары 10-июлунда түп нускада Башкы прокуратурага жиберилген.
Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан.
УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова «Мегаком» деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.
​»Ата Мекен» юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирип жүрөт.
Башкы прокуратура жана УКМК былтыр «Белизден алынды» деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы ушул кезге дейре жарыялана элек.
Количество просмотров: 50