Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү жана деструктивдүү саясий күчтөр тарабынан Кыргызстандын аймагында региондор аралык негизде кырдаалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчыл видеотасма даярдалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка караганда, видеону даярдоого катышкан бардык адамдар аныкталып, учурда алардын мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга, ошондой эле массалык башаламандыктарды уюштурууга багытталган аракеттер үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жоопкерчилиги бар экенин эскертет.