Бишкек.02.04.2019.Govori.TV.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери биометрикалык паспорттор үчүн бланктарды сатып алууда бир катар мыйзам бузууларды кетиришкен. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы билдирди.
«Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Бул кылмыш иши биометрикалык паспортторду даярдоо боюнча тендердин шарттарынын бузулушунан улам козголгон. Факты боюнча тергөө жүрүп жатат», — деди Сулайманов.