• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

УКМК: Бишкекте «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды

1 Теке 202511:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып, ошондой эле Бишкекте жашыруун жыйындарды өткөрүп, жаңы мүчөлөрдү тартуу аракетин көргөн «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, 5 мүчөсү кармалды.

Кармалгандардын үйлөрүн тинтүү учурунда көптөгөн экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталган электрондук маалымат каражаттары табылган.

Кармалгандар «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экенин моюнга алышкан.

Мындан тышкары, алардын лидерлери мурда экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн сот жообуна тартылган. Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК жарандардын диний-экстремисттик уюмдарды түзүү жана алардын ишине катышуу КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Количество просмотров: 138