• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: Чек арадан жарандарды мыйзамсыз алып өтүп тургандар кармалды

30 Аяк оона 2021 17:41 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам -иликтөө иш -чараларынын жүрүшүндө Э.К. жана Э.Ж.А. аттуу эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Такталгандай, кармалган адамдар мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү үчүн бирге иштешүү жолу менен жарандарды коңшу өлкөгө алып өтүп турган. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү кылмыш болуп саналат, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 260 миң сомго чейин айып салуу каралгандыгын эскертет.

Количество просмотров: 295