• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

УКМК чет элдик ишкердин акчасын алып алды делгендер кармады (видео)

9 Аяк оона 2022 13:31 Бишкек Govori.TV

Атайы кызматтын тараткан маалыматына ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө («Алдамчылык») каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандары “Д.М.С.” жана “С.А.К.” кармалды. Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Россия Федерациясынын жараны “Ш.В.” ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алып алышкан.

Белгиленгендей, “Д.М.С.” жана “С.А.К.” убадаларын аткарбай, алынган акча каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору Ш.В. жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Ошондой эле, коркутуу менен, республиканын жогорку жетекчилиги менен жеке байланышта экендигин, ошондой эле УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтышкан.

Сотко чейинки текшерүү иштин жүрүшүндө «Д.М.С.» жана «С.А.К.» кылган ишин мойнуна алды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 259